“Азыркы окуучулар деле компютердин жоктугунан улам илгерки биз сыяктуу теория жүзүндө сабак өтүшөт.” деди Жекенди айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер Мамасаит кызы Апел
Бул тууралуу ал өзү chonalay.kg сайтына берген маеги учурунда билдирди.

Саламатсызбы?
Саламатчылык. Чакырганынар учун рахмат?

Байкашымча жаш талапкерлерден экенсиз? Өзүнүз жөнүндө тааныштыра кетсениз?
Мен, Мамасаит кызы Апел 1995-жылы 5-ноябрда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Шибээ айылында туулганмын. 7 жашыма чейин ата-энемдин колунда тарбияландым. 2002-жылы мектеп босогосун аттадым. 2010-жылы мектепти 9-жылдык билим менен аяктадым.2012-жылы Ош Гуманитардык Педагогикалык институнун колледж бөлүмүнө орус тили жана адабияты адистигине тапшырып, 2015-жылы ийгиликтүү аяктадым. 2016-жылдан бери Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебинде технология мугалими болуп эмгектенип келе жатамын.

Уй-булооңуз жакындарыныз кандай кабыл алууда депутатыка койгонунузду?
Үй-бүлөөм жакын туугандарым баардыгы туура түшүнүү менен кабыл алды. Анын ичинен өзгөчө ата-энем дем куч берип колдоодо.

Депутаттыка талапкерлигинизди коюуга эмне түрткү болду?
Элдин көйгөйлөрүн көрүп туруп жөн карап тура албадым. Атуулдук милдет парызым деп билип койдум. Албетте айтышын мумукун жигиттерге деп атуулдук милдет, менин көз карашым боюнча бул аялдардын деле милдети деп билем. Анткени кезинде Курманжан Датка энебиз деле согуш учурунда качып кетпестен эркектерге дем куч болуп жаа атса найза алып берип, кыскасы муну киносунан деле корсонуздор болот. Акыркы учурдагы айылдагы койгойлор ж.бларды эске алуу менен жөн жүргучө салымымды кошо аламбы деген ой менен коюп жатам…

Өзүнүздү татыктуумун деп ойлойсузбу?
Ооба. Анткени мен ар дайым кандайдыр бир ишти баштабайын аягына чыгып бутурмөюн аракет кыла берем.

Айылда кандай көйгөйлөр бар?
Айылда көйгөй көп. Таза суунун жоктугу. Көчөлөрдун иреттелбеши чан баскан илгерки жолдор. Жарыктандыруу, жумушсуздук, билим берүү тармагындагы 21 кылымда жашап жатсак да компютерлердин жетишсиздиги. Азыркы окуучулар деле компютердин жоктугунан улам илгерки биз сыяктуу теория жүзүндө сабак өтүшөт.

Эгер өтүп калсаныз алгач эмне иш кылмаксыз?
Программада каралган. Ошол программага ылайык алгач жеңил иштерден баштайбыз.

Програманыз барбы?
Менин программам:
1.Шибе айылынын жашаган элдин бирден бир койгойу таза суу маселеси. Элдин үнүн өкмөткө жеткирип таза суу менен камсыздоо.
2. Айылдын көчөлөрүн иретке келтирип жарыктандыруу.
3. Эл менен тыгыз байланышта болгон үчүн кандай көйгөйлөр бар экенин билемин. Ошондуктан ал көйгөйлөргө демөөрчү табып жеринде чечип бергенге аракет кыламын.
4. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу үчүн керектүү программаларды иштеп. Жаш үй-бүлөлөр менен чоң конференсия өткөрүп алардын муктаждыктарын угуп турамын.
5. Жаштар биздин келечегибиз, жаштарга өзгөчө көнүл буруп билим берүү тармагына балдардын кенен билим алуусуна шарт түзүп, мектепте окуу китептер компютерлер, тигүү машиналар ж.б камсыздап берүү үчүн демөөчүлөрдү таап ишке ашырам.
6. Айылдагы жумушсуз отурган аялдарды тигүү цехин ачып айыл элине арзаан баадагы кийим кечелерди тиктирип, аялдарды жумуш менен камсыздайм.

Сизге эркин микрафон?
Урматтуу Шибе айылынын тургундары! 11-апрель куну шайлоо болот билесиздер. Уруулук тууганчылыкка карабастан татыктуусун тандасаныздар! Биздин максат элге кызмат кылуу.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *