27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасы милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүмү (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

5-7 апрель күндөрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин өлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.

Тергөө ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болгону 7-апрель күнү маалым болду. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, Ички иштер министринин отставкасын талап кылган эл кечээ, 8-апрелде митингге чыккан. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын коопсуздугу учурда кескин чараларды талап кылууда.

Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Ал Кыргыз-түрк «Манас» университетин бир жыл мурун бүтүргөн.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *