Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы финалга өттү.

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашып жаткан балбан кыз алгачкы атаандашы Эквадордун балбаны Генесис Валдести да, чейрек финалда күрөшкөн индиялык балбан кыз Бипаша Бипашаны да 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп, жарым финалга өткөн.

 

Жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Килие Рене Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алды.

 

Айпери Медет кызы эртең финалда Колумбиянын балбаны Татиана Рентериа менен күрөшөт.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *