«Ассанабил» кайрымдуулук фонду өлкөнүн медициналык мекемелерине 7 тез жардам автоунаасын өткөрүп берди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү билдирди.

Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерине жети тез жардам автоунаасын өткөрүп берди. Автоунаалардын экиси өпкөнү жасалма дем алдыруучу портативдүү аппараттар, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдылып, реанимобиль стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө.

Унааларды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми катышты.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова фонддун өкүлдөрүнө жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө өз салымын кошуп жаткан жалпы коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна көрсөтүп жаткан гуманитардык көмөгү, анын ичинде медициналык мекемелерге берилип жаткан жети тез жардам автоунаасы үчүн ыраазычылык билдирем. Заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган жети тез жардам унаалары заводдон атайы буюртма менен сатылып алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, фонд тарабынан өлкөгө биринчи ирет көмөк көрсөтүлүп жаткан жок. Фонд аркылуу бир нече ийгиликтүү ишке ашырылган социалдык долбоорлор бар, анын катарында саламаттык сактоо тармагында да ишке ашкан долбоорлор бар.  Бул тез жардам унаалары эпидемия учурунда өзгөчө зарыл болуп саналат», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Белгилесек, Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду NAMA уюму менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы күрөшүү алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Карантин убагында муктаж болгон үй-бүлөлөргө 350 тоннадан ашуун азык-түлүк таркатылды жана билим берүү тармагында аралыктан окутуу процессине колдоо көрсөтүү максатында 200 даана ноутбук 52 орто мектепке тапшырылган. Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагына өпкөнү жасалма дем алдыруучу 4 аппарат, 10 миң  медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап жана 100 миң кол кап берилген.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *