Балага тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң ага чоң маани берүү керек. Анын келечекте кандай адам болооруна эң ириде үйдөгү тарбия абдан чоң роль ойнойт. Баланы татыктуу тарбиялап, анын келечекте бактылуу болушун кааласаңыз, окмуштуулар сунуштаган төмөндөгү айрым кеңештерди сизге сунуштайбыз:

1) Балаңызга түрдүү тажрыйба колдонуңуз

Интеллекти жогору бала көбүнчө жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыкдар болот. Бала өзүнө ишенимдүү болушу үчүн жашоодо тажрыйбасы мол болуусу зарыл. Психологдордун айтымында, адам мурда көнүп калган ишин оңой эле жасап жүрө бериши мүмкүн, бирок жаңы ишти баштоого эрдик талап кылынат.

Интеллекти жогору бала көбүнчө жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыктар болот.

2) Балдарды талантына жана кызыгуусу жараша тарбиялаңыз

Спорттун жаңы түрү, музыкалык аспаптарга үйрөтүү сыяктуу ыкмалар баланын жаш кезинен туруктуулук шыгын өнүктүрүүгө жардам берет. Алар кызыкпаган нерселерге мажбурлоо болбойт.

Баланы канчалык көп суроо берүүгө үйрөтсө, ал мектепте ошончолук жакшы окуйт.

3)Балаңыздын интеллектуалдык жана эмоционалдык керектөөлөрүн камсыздап туруңуз

Кызыгуу аркылуу гана баарын үйрөнсө болот. Балдар мектепке чейинки куракта көп суроо беришет. Кээде ата-энелер алардын суроолоруна жооп берүүдөн качышы мүмкүн. Бирок бул нерсе баланын өсүп өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала көйгөйдү кантип чечүү жана туура чечим чыгаруу сыктуу ыкмаларды өздөштүрүшү зарыл.

4) Жөндөмүн эмес, аракетин баалаңыз

Балдардын жасаган ишин эмес, аларды окутууда мактап, «ой жүгүртүүсүн» өстүрүүгө көмөктөшүңүз. Жаш балдар көбүнчө ата-энесинин жасаган иштерин туурашат. Ошондуктан алар тил үйрөнүүгө кызыгабы, велосипед тебүүнү үйрөнөм дейби, айтоор, алардын туура жакка кызыгуусун кубаттоо керек.

Психологдордун айтымында, бала ката кетирүүдөн корпостон, аны ийгиликке жетишүүдөгү сыноо катары кабылдашы керек.

5) Ката кетирүү коркунучтуу эмес

Ката кетирүү — бул жаңы нерсени үйрөнүүдө курулуштагы кыш сыяктуу каражат. Андан алган сабак балдардын кийинки жолку аракетинде ийгиликтүү болуусуна шарт түзөт.

Эске тутуу жөндөмү, эрте окуй башташы же өзгөчө кызыгуусу баланын жөндөмдүү экендигинен кабар берет.

6) Өзгөчөлүктөн абайлаңыз

Өзгөчөлүк балаңызды башка балдардан бөлүүгө себеп болот. Ал балдардын мазактоого кабылышына жана кыжырдануусуна алып келет.

Балдарды өзгөчөлөнтүү кээде туура эмес таасир тийгизет

7) Балаңыздын каалооосун билүү үчүн мугалимдер менен кеңешиңиз

Акылдуу балдар көп учурда татаал материалдарга, кошумча колдоого же өз алдынча эркин үйрөнүүгө муктаж болот.

8) Балаңыздын жөндөмүн текшерип көрүңүз

Баланын жөндөмүн текшерүү менен анын артыкчылыктуу жана кемичиликтүү (мисалы, көңүл коюу, социалдык жана эмоционалдык маселелери сыяктуу) жактарын аныктаса болот.

Бирок баланын жөндөмдүү экенин кантип билсе болот?

  • Башкаларга окшобогон эске тутуму
  • Эрте окуй башташы
  • Өзгөчө кызыгуулары же татаал илимдерге терең кызыгуусу
  • Дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп туруусу
  • Ар дайым суроо берип туруусу
  • Юмор сезими өнүккөндүгү
  • Музыкага кызыгуусу
  • Көзөмөлдө астында болууну жактаргандыгы
  • Оюндарга кошумча эреже киргизиши
0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *