БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга инвестиция тартууга кызыкдар. Бул тууралуу Өнөр жай жана энергетика министрлиги билдирет.

 

Департаменттин жана энергетикалык ишканалардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөдөгү энергетикалык долбоорлор боюнча да маалымат берди.

«Жолугушууда БАЭнин өкүлдөрү Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча потенциалы жогору экенин белгилешти. Алардын айтымында, MASDAR күн электр станцияларына инвестиция тартууга кызыкдар. Белгилей кетсек, бул ишкана Өзбекстанда күн электр станциясынын курулушуна 110 миң доллар инвестиция салган », — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу сунушталды. Учурда тараптар документтин долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *