Акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын аймактык резерви түзүлдү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жергиликтүү деңгээлдеги социалдык экономикалык маселелерди чечүүдө акимдердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилиги жогорулатылды. Аким ишти уюштурууга, аны көзөмөлдөөгө жооп берет. Акимге мамлекеттик органдардын райондук түзүмдөгү жетекчилерин, райондук маанидеги шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын кызматка дайындоо жана бошотуу укуктары берилди.

Ал эми буга чейин акимдердин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу укугу болгон эмес.

«Белгилүү бир аймакта туулуп өскөн жаран өзүнүн жеринде мэр же аким боло албайт. Ошондой эле акимдерди жана башка жетекчилерди кайрадан кызматка дайындоо болбойт деген ченем киргизилди» — дейт Садыр Жапаров.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *