Саламатсызбы?

Саламатчылык.

Озүнүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз?
Мен Топчубай кызы Басбүбү 02.02.1985-жылы Чоң Алай районун Дароот-Коргон айылында туулгам. 2002-жылы А.Саит атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен жана ушул эле жылы Кыргызстан Эл Аралык Университетинин Англис тили бөлүмүнө тапшырып аны 2008-жылы кызыл диплому менен аяктагам.
Эмгек жолум ушул эле жылы «Көк-Суу» орто мектебинен баштадым. 2009-жылдан баштап Баткен облусунун Кадамжай районундагы №73 толук эмес орто мектебинде «Жаш мугалимдердин депозити» программасынын негизинде 4жыл иштедим.
2013-жылдан бери Дароот-Коргон айылындагы №44 кесиптик лицейинде иштеп жатам

Депутаттыка койгонунуздун себеби?

Депутаттыка талапкерлигимди койгонумдун себеби, өз программамды ишке ашырып элге кызмат кылуу.

 Шайлоо жакындаган сайын талапкерлер топ топ болуп бөлүнүп. Өзүнүн канчалык денгеелде позициясынын туруктуулугун көрсөтүштү. Сиз эмне үчүн аларга кошулбадыңыз? Байкашымча жалгыз кетип жатат деп уктум?
Мен эч кандай топко кошулбагандыгымдын себеби бирөөгө көз каранды болбой, бирөө сызып берген сызык менен эмес өз алдынча эркин депутат болуу жана өз позициямда бекем туруу.

Программаңызды  тааныштыра  кетсеңиз?
Менин программам
1-ден Дароот-Коргон айылына жаңы өкмөт менен биргеликте бир кездерде иштеп кайра жоюлуп кеткен тазалык иш канасын кайрадан түптөөну колго алуу. Анкени айыл ичиндеги борбордук көчөлөр таштандыга толуп кетүүдө
2-ден Район ичине жергиликтүү бюджет эсебинен курула турган жалпы курулуш сапатын, жана бөлүнгөн акчалар канчылк деңгээлде максаттуу пайдаланып жатканын тыкыр көзөмөлгө алуу.
3- Бүгүнкү күндө мектеп программасы убактысы чектелүү болгондуктан окуучулар кошумча билимге суусап турган мезгили. Айрыкча бүтүрүүчү класстын окуучулары жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу максатында атайы Ош шаарына барып окуп келүүдө. Бул көрүнүш көпчүлүк үй-бүлөнүн бюджетине кедергисин тийгизүүдө. Райондук билим борборунун салынышына ачылышына болгон аракетимди жумшайм.

Таштанды боюнча сөз болду ушул көгөйдү кантип чечесиз кененирээк айтып берсениз?
Таштанды боюнча буга чейинки жак иштеп ишин баштаган тазалык иш канасы бар эле, бирок тилекке каршы ал жоюлуп кетти. Бирок элден таштанды үчүн дагы деле аткарылбаган жумуш үчүн (таштанды үчүн) акча жыйналып жатат. А эл болсо таштандыга салык төлөп, таштанды урна жери жок, салыгын төлөсө да уурулукча жашынып токой ж.б жерлерге таштандыларын жашынып төгүшөт. Кокус СЭС же башкаларга колго түшсө, айып пул салынат. «Ии бечара сенин төгө турган жерин жок эле деп аяп отурбайт»
Ушул жоюлуп кеткен тазалык ишканасын кайрадан ишке киргизип жергиликтүү бюджеттен кошумча акча бөлүп кайрадан урналарды ар бир көчөгө керектүү жерге койдуруп ишке киргизсек болот. Иш кана түптөлсө 1-ден адамдар иш менен камсыз болуп калат. 2-ден таштанды таштоочу урна бар кыйналбай калабыз.

Жакын арада соц тармактарда ачык түрдө корупциялык ишти талкуулап эл үстүнөн тон бычып баалашып жатышат? Негизи тиешелуу адамдардын бул кылганы туурабы?
Албетте бул туура эмес, бул иш боюнча тиешелүү органдар тыкыр иликтеп юридикалык баасын берет деген ишеничтемин. Бир бечаранын баласы тоок уурдаса камалатта? А бирок бул жерде элдин тонун бычып ачык түрдө баалашканы кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу болуп жатпайбы. Ошол үчүн бул боюнча жалпы эл дагы көзөмөл кылат буйруса…

Айыл өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен бааланат. Шар аккан суу тоо таш кошунандын уйунө кирсен чай ичесин, бекер баары, ыйман бар. Акыркы учурда таза суу менен камсыз кылуу боючна толомдорду киргизди бул боюнча кандай пикирдесиз? Байкашымча калктын кээ бир бөлүгү киргизе элекко дейм? Калк өзү сууну тартып келсе.
Таза суу боюнча айтсам: таза суунун ар бир үйгө киргизилишине өкмөт кызыктар болушу керек жана жашоочуларга жардам көрсөтүп, үйүнө суу киргизилген ар бир үйгө суу эсептегич терди орнотуп андан соң бекитилген тариф боюнча акы алыш керек. Милдетинди аткарып анан укугунду талаш дейтко ошол сыңар. 1- өкмөт шарт түзүп берип анан акы алуусу туура деп ойлойм.

Программанызда окуу борбору бар экен. Бул ишке ашса сонун болмок кантип ишке ашырганы жатасыз?
Окуу борбору бул абдан керек, себеби азыркы учурда спорт жана башка тармактарга абдан жакшы көңүл бөлүнүп, бирок билимге анча көңүл бөлүнбөй калгандай болуп турат. Ошол себептен биз келечекти ойлосок анда бизге билимдүү жаштар керек.
Ошондуктан билим борборун ачсак районубуздагы жаштар билимин тереңдетүүгө чоң жардам болмок. Бүтүрүүчү класстарды алып көрсөңүз колунда бары гана барып окуп келип жатышат а колунда жогу барбай калууда. Өзүбүздө болсо баарына тең мүмкүнчүлүк болмок. Билим берүуго инвестиция кылсаң качан болбосун жемишин берет. Буга мисал катары жакында жаштар жетекчилик кызматка келди. Мына ушул деле 98-жылкы мугалимдердин кылган эмгегин үзүрү эми көрүнүп жатат. Билимге кылган ишин эртедир кечтир жемишин берет. Бул ишти албетте өкмөт жана жеке колдоочулар, ишкерлер аркылуу ишке ашырсак болот.

Шайлоо алдында кандай сезимдер болуп жатат? Жалгыз аттаныпсыз?
Ооба жалгыз аттандым толкундоолор бар. Мен ишенем программамды терең түшүнгөн келечекке кайдыгер карабаган инсандар колдоп берет деп

Сизге эркин микрафон?
Кайсыл талапкер болбосун шайланганы принципиалдуу болуп, эл үчүн өз эмгегин аябай, жең ичинен сүйлөшүп иш бүтүрбөй татыктуу иштеп берсе деген ойдомун…

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *