Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин эмне себептен алгандыгы тууралуу Абдисеит Каримбеков билдирүү жасады.

«*Урматтуу Чоң-Алайлык жердештерим!!!*

Кечээ 30.10.2021 жылы №11 “Алай” округу боюнча бардык факторлорду терең анализдеп, артыкчылыгыбыз жана кемчилдиктерибиз, ички жана сырткы, бизге көрүнгөн жана көрүнбөгөн себебтерди эске алып, эмоция менен эмес, акыл калчап, бир мандаттуу шайлоонун талапкерлигинен баш тартуу чечимин кабыл алдым!!!

Бул чечим сиздердин араныздарда ар түрдүү бүдөмүк ойлорду пайда кылды!

Өзүм чоң жоопкерчиликти мойнума алып, элдин жүгүн көтөрөм деп чыккандан кийин, талапкерлигим катталган күндөн тартып шайлоодон жеңип чыгуу үчүн түрдүү тактикаларды командабыз менен иштеп чыгып, бир топ варианттарды ойлондук. Бирок жыйынтыгында акыл калчап, бул жолу шайлоого катышпоону туура көрдүк!. Бул биздин жеке чечим, башка эч кандай олтуу себеб жок!!!

Ал эми Чоң-Алай районунан чыгып партиялык тизме менен бара жаткан ар бир талапкерге ийгилик каалаймын. Бардык талапкерлерибиздин Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүсүнө толук шанстары бар. Ал үчүн Чоң- Алай району боюнча болгон добушту ынтымакчылык менен, бирдей кылып бөлүп берүүгө чакырам. Калган тийиштүү добуштарды Кыргызстандын башка район шаарларынан топтогонго толук мүмкүнчүлүгү бар талапкерлер бара жатышат!!! Мен бул ирет, Чон-Алайдан чыккан эл өкүлү болуп берем деген ар бир талапкерге партиясына карабай баарына бирдей жардам берүүгө даярмын!!!

Ушул күнгө чейин мени колдоп келген жана колдой берчү бардык ага инилериме, жалпы журтка жана Сиздерге мында ары да ар тараптан колумдан келген кызматынды кыла берем.

Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

*Сиздерди терең урматтап А.Каримбеков*»

Эске салсак буга чейин бир мандаттуу округдан Чон-Алай районунан эки талапкер чыккан. Экөөсү тең аттанса мүмкүнчүлүк аз болорун эске алып, бир топ сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок экөө тең позиция дан кайткан эмес.
Бир күндө эки талапкер бирикти Жаманкул Галдыбаев Абдисеит Каримбековко жол берген деген такталбаган маалымат чыккан. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындык экени белгисиз,  Бирок эки талапкердин бир күндө баш тартканы бүдөмүк бойдон калууда…

Өз талапкери калбаган Чон-Алай эли эми бир мандаттуу округдан Примовту колдойбу?

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *