Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына активисттер чогулушту. Алар Боршайкомдун жумушчу тобунан кечээ күнкү катталган саясий партиялардын так мөөнөтүн кароону талап кылышууда.

Азыркы учурда БШК имаратынын алдында жыйырмадай активист, журналисттер жумушчу топтун жыйынын күтүп турушат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кечээ «Кыргызстан» партиясынын каттоодон өткөн мөөнөтүн жумушчу топ иликтеп, алар менен кеңешкенден кийин чечим чыгарын айткан.

Эске салсак, «Кыргызстан» партиясы шайлоого катталуу үчүн БШКга документтерди өз убагынан кеч жеткирген деген маалымат тараган. Анда партия өкүлдөрү саат 19:00 чамаларында имаратка киришкен.

«КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамга ылайык, шайлоого катышуу ниети бар саясий партиялар ага 40 күн калганда, жергиликтүү саат 18:00дө документтерин БШКга өткөрүп калышы керек.

Булак: maralfm.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *