Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook тармагынын жетекчилигине жымжырттык күнү саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууну БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган.

Фейсбуктун өкүлдөрү колдонуучуларды инсандыгын документалдуу тастыктоо менен аныктоо саясаты жөнүндө айтып беришти, анда кайсы адам кайсы бир каттоо эсеби боюнча катталганы ишенимдүү түрдө белгилүү болду.

«Ошондой эле жарнама үчүн акча төлөгөн жеке адамдар жана партиялар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт», — деп кошумчалады БШК.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, Фейсбукта аккаунтун текшерүү иш-чаралары шайлоонун тазалыгына маанилүү салым болуп саналат.

«Бул белгилүү бир партия же талапкерлер үчүн саясий жарнамалык каржылоонун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн түзөт. Тараптар өз кезегинде текшерүү жол-жобосунан өтө алышат, бул аларга жасалма аккаунттар менен күрөшүүдө жардам берет», — деди ал.

БШК социалдык тармакта жарнактарды 3-октябрь жымжырттык күнү бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө да сурады.

Фейсбук өкүлдөрү бул азырынча АКШга гана тиешелүү болгон жаңы саясат экендигин, бирок Кыргызстандан расмий түрдө жөнөтүлгөн суранычты кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Эске сала кетсек үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *