Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ош облусунда жана Ош шаарында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карай даярдыктын жүрүшү менен таанышты.

Вице-премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында облустун Кара-Суу жана Араван аймактарындагы, ошондой эле Ош шаарындагы бир катар шайлоо участокторунда болду. Ал шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты, ошондой эле райондук комиссиялардын өкүлдөрү менен пикир алышты.

Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук жана шаардык штабдын жыйынына катышты. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогорку ылдамдыктагы интернет, байланыш жана тийиштүү техника менен камсыздоо маселесине тийиштүү бир катар тапшырмалар берилди. «Аймакта эпидемиологиялык кырдаал туруктуу көзөмөлдө болуш керек. Санитардык стандарттарды жана талаптарды камсыз кылууга чоң көңүл бөлүнүшү зарыл», — деди вице-премьер-министр.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *