Ирандын душмандарына маалымат берип турган Махмуд Мусави Мажд акыры Коопсуздук күчтөрүнүн колуна түштү.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын чалгындоо системаларына ИИРдин жашыруун маалыматтарын жиберип турган Мусави Мажд аттуу коопсуздук тыңчысы колго түшүрүлүп, соттолгон соң 20-июлда таң эрте дарга асылды.

Белгилей кетсек, ал буга чейин Моссад жана CIA чалгындоо уюмдарына Ирандын коопсуздук маалыматтарын ири акы үчүн өткөрүп турган. Анын чыккынчылыктарынын бири, маркум генерал Сулейманинин жана башка белгилүү аскер кызматчыларынын өтүп-жүрүү пландарын Американын террорчуларына жеткирген.

Махмуд Мажд атасы соодагер болгондуктан бир канча өлкөлөргө сапар тартып, араб, англис тилдерин жакшы билген. Ал буга чейин Сирияда котормочу жана аймакты жакшы билген адис катары Ирандын Сириядагы кеңешчилерин коштоп жүргөн.
Коопсуздук тыңчы Ирандын Кудс Сакчылар корпусунун мүчөсү болбосо да алар менен котормочу катары маанилүү аймактарда кошо жүргөн.

Эске салсак, Ирандын Коопсуздук күчтөрү Махмуд Маждды CIA чалгындоо уюмунун офицери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн көзөмөлдөө менен колго түшүрүшкөн.

Булак: eldik.media

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *