Өкмөттүн чек араларды демаркация жана делимитациялоо боюнча комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жок. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

 

Анын айтымында, комиссия 21 жылдан бери чек ара маселесин толугу менен чече элек.

«50-70% чечилди дешет. Ал — эч ким жашабай турган тоолуу жерлер. Ал эми ыңгайлуу, талаалуу, шаар, айылга жакын жерлерде бул маселе дагы деле кооптуу. Чек ара бөлүшүлүп бүткөндө деле жарандардын, эки элдин ортосунда талаш-тартыш, жаңжал кайра чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул маселени чечиш үчүн чек арага жакын жайгашкан, бир айылдын ортосунан кеткен, бир жолду экиге бөлгөн жерлерден биздин тургундарды алыстатыш керек. Керек болсо, зым тосуш керек. Болбосо, жаңжалдар чыга берет. Чек ара маселеси өтө орчундуу. Ошол чек аранын кесепетинен болгон окуялар бүгүнкү күнгө чейин толугу менен анализденип, жогорку деңгээлде баа бериле элек. Биздин өлкөгө агрессия менен кирип келген Тажикстандын аскер адамдары, же жөнөкөй тургундары болобу, өзгөчө Лейлектен алып кеткен малдарын, ар кандай техникаларын дагы деле болсо бере элек. Биз өзүбүз жасайбыз дебей, аларга күнөө коюп төлөткөнгө, же контрибуция кылганга бардык шарттар бар болчу. Ушул жерден бийликтин кээ бир жетекчилери чабалдык кылып койду», -деди Медетбеков.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *