Америка Кошмо Штаттарынын Мэриленд университетинин медициналык борборунун хирургдары дүйнөдө биринчи жолу жаныбарлардын жүрөгүн адамга алмаштыруу операциясын жасашты. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады .

Дэвид Беннетт чочконун жүрөгүн алмаштырган. Дарыгерлердин айтымында, эгер алар бул операцияны жасабаганда оорулуу сөзсүз өлүмгө дуушар болмок. Жети саатка созулган операция үч күн мурун Беннетке жасалып, учурда абалы жакшы.

«Мен үчүн тандоо өлүм менен бул трансплантациянын ортосунда болду. Мен келечектеги тагдырым такыр белгисиз экенин түшүнөм, бирок мен үчүн бул акыркы мүмкүнчүлүк «, — деди бейтап.

Сүрөт интернеттен. Оорулуу менен хирург

Трансплантацияда жүрөгү колдонулган жаныбар генетикалык жактан өзгөртүлгөн: окумуштуулар трансплантацияланган органды четке кагууга алып келе турган генден арылууга аргасыз болгон.
Операциядан кийин окуялар кандай өнүгөт азырынча белгисиз. Дарыгерлер бейтаптын абалын тыкыр көзөмөлдөп турушат.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *