Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) финалга чыгып, алтын үчүн күрөшө турган болду.

Килем үстүнө бүгүн, 5-ноябрда чыккан Мырзаназар уулу биринчи беттешинде Гвинея-Бисау Республикасынын балбаны Диамантину Юна Фафени 10:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ирандык Ахмад Мосауд Мохаммаднежаджаванды 7:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми жарым финалда Беларусь балбаны Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде утту.

Алтын үчүн беттеште Мырзаназар уулу азербайжандык Алиаббас Рзазаде менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, буга чейин бул мелдеште 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев финалга чыккан. Финалдык кармаштар 6-ноябрда өтөт.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты (U-23) Белград шаарында өтүүдө. 1-ноябрда башталган мелдеш 7-ноябрда жыйынтыкталат.

Бул мелдеште кыргызстандык балбандардын капчыгында бир медаль бар. 4-ноябрда 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы алтын утуп, дүйнө чемпиону болду. Чемпионаттын биринчи күндөрүндө килем үстүнө чыккан грек-рим балбандары байгелүү орундарга илинген жок.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *