Президент министрлер кабинетинин жыйналышында кечээ, 24-декабрда электрондук документке биринчи жолу кол койгонун айтты.

«Бүгүндөн баштап электрондук документти кабыл алып, кол коюуга даярмын. Бирок сиздер даяр эмессиздер. Ал үчүн 15 күн убакыт берем. Анткени алдыда жаңы жыл, дем алыш күндөрү, 15 күн сиздерге кенен жетет деп ойлойм. IT адистерин үйүңүздөргө жетелеп барасыздарбы электрондук документти жөнөткөнгө үйрөнүңүздөр. 10-январдан баштап силерден электрондук документтерди кабыл ала баштайм», — дейт президент.

Мамлекет башчы ошол эле учурда алты ай убакыт берерин, ал мөөнөттө кагаз түрүндө дагы жөнөтүп туруу талабын койду.

«Кагаз жүзүндө дагы ишти жүргүзүп турганга алты ай убакыт берем. Анткени жоголуп, ар кандай маселелер жаралбасы үчүн жана сиздердин көнүп кетишиңиздер үчүн бердим. Бирок сөзсүз түрдө 10-январдан баштап электрондук түрдө жөнөтөсүздөр. Эгер ал келбесе, анда кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл албайм. 1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ушул жылдын 10 ай ичинде эле 840 миң пачка кагаз сатып бериптибиз, бул 1 миң тоннага жакын кагаз же 33 вагон дегени», — деп айтат өлкө башчы.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *