Кантип англис тилин мыкты өздөштүрсөм болот?

Деги эле англис тили эмнеге керек?

Азыркы глобалдашуу мезгилинде англис тилин сөзсүз үйрөнүшүбүз керек. Анткени «Тил адамдын канаты» демекчи, кайда барсак да, мейли окууга, мейли жумушка, жада калса эс алганы барсак да тил билүү керек. Тил билсек өзүбүздү эркин алып жүрөбүз, чет элдиктер менен эркин баарлашабыз, оңой жана маяналуу жерде иштей алабыз. Ошон үчүн англис тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн «Билим ордо — келечек жолго» окуу борбору сиздер үчүн эшигин ачууда.
Качан? Кайда? десеңиз — ноябрь айынан башталат, жумасына 3 жолу, сабактын узактыгы 1 саат 30 мүнөт,

Акысы: айына 1200 сомдон. Курстун узактыгы 3 ай жана курстун аягында сертификат берилет.
Орундар чектелүү, андыктан шашылыңыздар.
Дареги: Дароот-Коргон айылындагы №44 кесиптик лицейинде.
Байланыш телефону: 0222 38 18 68 Басбүбү.
Эскертүү: курска Дароот-Коргон айылынын 4-класстан 11-класска чейинки окуучулары гана жана албетте, англис тилине кызыккан окуучулар гана катыша алат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *