“ Атакем”

Мээрими менин атамдын..

Мүнөзүңдөн айланайын атакем,

Мага берген тарбияң бул эң чоң дем,

Көзүң өтүп, билем жоксуң жанымда,

Бирок мүнөз, мүнөзүң бар канымда,

 

Түшккө кирдиң, жүрөк катуу согууда,

Билбейм мага эмнелер ай болууда,

Ушунчалык бек кучактап атамды,

Калган экем, абдан катуу сагына.

 

Үнүн уктум, мен аябай кубандым,

Күн да чыкты, ажайып ай бул таңдын,

Дагы бир аз түш көрүп мен алсам ээ,

Күндүн нуру ачуу тийди бетиме,

Ойгондум мен, өң эмес бул түш экен,

Бул түшүмө мен чынында ишенгем,

Кең талаалуу Кара-Мыктын жринен,

Издеп жүрөм атакемдин мээримин.

01.08.2021. Кара-Мык айылы.

 

Жаш талант бүгүнкү каарманыбыз Абылбек кызы Гүлзаада 2003-жылы 10-январда Ош облусунун, Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык айылында төрөлгөн. Үй-бүлөөдө алты бир тууган.

 

Атасы Маматайиров Абылбек 2018-жылы оорудан улам каза болгон. Апасы Сейитбекова Марипат учурда ооруканада эмгектенет.

 

Кара-Мык айылындагы Ленин орто мектебин ийгиликтүү аяктап ,учурда Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2-курсунун студенти. Бош убактысын китеп окуу, ыр жазуу, жакын адамдары менен баарлашып өткөрүүнү жактырат.

 

Буга чейин Мамаражапова Марзия эжеке уюштурган » Чоң-Алай жаш калемгерлери»-аттуу китебине “Ата-эне”,”Бир тууган”,Достук” атту ырлары жарык көргөн.

 

Автору: Улуш Сайпидинова

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *