Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

 

Президент Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетинин орун басарлары дайындалды.

 

Жарлыктарга ылайык:

 

— Кожошев Арзыбек Орозбекович — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;

 

— Аалиев Азиз Кубанычбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Байсалов Эдиль Жолдубаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

 

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетинин министрликтеринин жетекчилери дайындалды.

 

Жарлыктарга ылайык:

 

— Амангелдиев Данияр Жолдошевич экономика жана коммерция министри болуп дайындалды;

 

— Бакетаев Алмаз Кушбекович финансы министри болуп дайындалды;

 

— Казакбаев Руслан Айтбаевич тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Баетов Аяз Батыркулович юстиция министри болуп дайындалды;

 

— Осоев Эркинбек Арстанбекович транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл чарба министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Кутманова Динара Асиевна жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Купешов Болотбек Дүшекович билим берүү жана илим министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Жаманкулов Азамат Капарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды;

 

— Базарбаев Кудайберген Базарбаевич эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

 

— Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич коргоо министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Ниязбеков Улан Омоканович ички иштер министри болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

 

— Ажикеев Бообек Эргешевич өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *