25-октябрь «Жеткинчек Ачык-Суу» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинде «Кош бол алтын күз» аттуу майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу аталган бакчанын тарбиячысы кабарлады.
Айтымында иш-чарага балдар жигердүү, ата-энелер 100% толук катышканын билдирди.
«Биздин бакчадагы жогорку тайпанын балдары жана эжекеси менен биргеликте, күз айынын акыркы күндөрү менен коштошуп «Кош бол алтын күз» аттуу чоң майрамдык кече өткөрүлдү. Иш чаранын максаты: балдарды ар тараптуу тарбиялоо жана үч айлык балдардын отчеттук кечеси өткөрүлүп кечеге ата энелер жүз пайыз катышып беришти.» -деп билдирет маалыматта.
Кошумчалай бакчада балдарга китеп окутуп үйрөтүүгө аракеттер жүрүп жатканын баса белгиледи.
«Бизде мындан сырткары да балдарга китеп окутуп үйрөнүүнүн ыкмасын карап жатабыз. Балдарга 1-класска барууда кыйналбагандай шарт түзүү керек. Анткени келечегибиз бүгүнкү балдардын колунда» дейт эл өкүлү, аталган бакчанын тарбиячысы Салибаева Анархан.
Белгилей кетсек аталган бала бакчада мындай иш-чаралар ар дайым уюштурулуп турат.