Талант Мамытов Жогорку Кеңешке төрага болду.

Төрагалык орунга «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаров менен «Ынтымак» фракциясынан Талант Мамытов көрсөтүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө алгач 14 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү. Андан кийин талапкерлерге суроолор берилип, жооптор алынган соң, жашыруун добуш берүүгө өтүштү.

Жыйынтыгында добуш берген 87 депутаттын 63үнүн добушун алган Талант Мамытов төрагалыкка шайланды. Ал эми 10 депутат Адахан Мадумаровго, 14 депутат экөөнө тең каршы добуш берген.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ант берип, өз ишин баштады. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 33ү бир мандаттуу округдан шайланып келишкен.

№27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округунда «баарына каршы» астыга чыгып, депутат шайланбай калган. Бул округдарда 27-февралда кайра шайлоо өтөт. Ал эми №30 Ысык-Ата округунан депутат болгон Акбөкөн Таштанбеков тергөө абагында болгонуна байланыштуу ант берүүгө келе алган жок.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *