Кыргызстандагы коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Аалымдар Кеңешинин чечими чыкканын муфтияттан кабарлашты. Ага ылайык, жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окула турган болуп чечилди.

-Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин жума намаздары эпидемиологиялык эрежелерди сактоо шарты менен окулуп жаткан болчу.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *