Укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналист Болот Темировду Бишкек шаардык милициясына алып кетишти.

Болот Темиров күч органдары баңгизатын өздөрү коюп кетишкенин журналисттерге айтты. Муну Temirov LİVE кеңсесинин башка журналисттери да тастыкташты. Алар ошол учурду көрүп калышкан.

Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Бүгүн, 22-январда Тemirov Live телеканалынын журналисттеринин кеңсесине милиция кызматкерлери беткапчан келишкен.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировдун иш бөлмөсүндө айрым документтерге кол коюуну талап кылышкан. 

Бир күн мурун Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешелүү күйүүчү май бизнесин жөнүндө иликтөө жарыялаган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *