Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, анда Коопсуздук кеңешинин облустардагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Аймактардын жетекчилери коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, калкка медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат беришти.

Жээнбеков белгилегендей, аймактар түзүлгөн кырдаалдан сабак алышып, бардык тобокелдиктерди өз убагында алдын алуулары керек. Ооруканаларды, күндүзгү стационарларды жана обсервациялык аймактарды зарыл болгон коргоочу каражаттар, жабдуулар жана дары-дармектер менен толук түрдө камсыздоосу зарыл.

Айыл жерлеринде илдет жугузуп алгандарды аныктоо жана изоляция режимин сактоого байкоо жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине токтолуп, даарыканаларда дары-дармектердин запасына көңүл бурду.

Президент дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дары-дармектерди алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырды.

«Эл алдастап калганда, аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат. Эл арасында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, изоляция шарттарын, бет кап тагынуу режимин сактоо  зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүшү керек. Өзгөчө жай мезгилинде Ысык-Көл облусунун туристтик аймактары популярдуу болот, андыктан облус башчылары, район акимдери, айыл өкмөттөрү жана башка жетекчилер күчөтүлгөн режимде иштеп, эс алуучуларга шарттарды түзүп бериши керек», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башысы ошондой эле жер-жерлерде дезинфекциялык иштерди күчөтүү керектигин белгиледи. Ошону менен бирге экономикалык сектор менен айыл чарбасы маселелерин унутта калтырбоого чакырды, объектилерди, айрыкча ооруканаларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, Президент ыктыярчылар менен натыйжалуу иш алпарууну жолго коюу зарылдыгын баса белгиледи.

«Бизде мындай кыйынчылыктарда дайыма жардамга кол суна турган татыктуу балдарыбыз жана кыздарыбыз бар. Мындай ыктыярчылар менен натыйжалуу иштешүү керек. Алар — чоң күч. Дарыгерлерге камкордукту күчөткүлө, аларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылгыла», — деди өлкө башчы.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *