из колдонгон изилдөөлөрдүн арасында OECD уюму өткөргөн PISA деген тест бар. Ал тестте 2009-жылы биздин окуучулар эң начар жыйынтык көрсөткөн. Бул тууралуу KG Analytics интеллектуалдык фондунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Эсентур Ивагов «Маралдын» эфиринде билдирди.

 

«Бул уюм 3 жыл сайын ушундай тесттерди өткөрөт. Ага азыр 80ден ашык мамлекет катышат болушу керек. Кыргызстан 2 жолу: 2006-жылы жана 2009-жылы катышкан. Ал тестте 15 жаштагы окуучу балдардын функционалдык сабаттуулугу текшерилет. 2009-жылы окуучунун берилген текстти окуусу, аны түшүнүүсү, тексттен керектүү маалыматты ала билүүсү текшерилген. Ошондо биздин тестке катышкан 5 миң окуучубуздун 83%ы базалык деңгээлге жетпей калган. Катышкан 65 мамлекеттин ичинен 65-орунду алганбыз», — дейт ал.

 

Айтымында, базалык деңгээлге жетпеген окуучу демек, окуганын түшүнбөйт, алган билимин жашоодо колдоно албайт.

 

«Ошол балдар азыр 27 жашка чыккан жигиттер-кыздар. Алар биздин калктын орто курактагылары. Булар — иштегендер, акча тапкандар, биздин экономиканы алдыга жылдыра тургандар. 15 жашта окуганды түшүнө албаган бала кийин университеттен деле эчтекени түшүнө албайт. Ал жактан деле артта калып кете берет. Анан бир млн адам эмнеге Орусияда көчө шыпырып жүрөт деп таң калабыз», — деди Эсентур Ивагов.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *