Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Москвада жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

«Жолугушуу болушу мүмкүн, анткени мындай жолугушуулар буга чейин болуп келген. Эгерде кездешүү өткөрүлсө, анда ал күн тартибинин мазмунунан көз каранды болот. Тилекке каршы, азыркы Армения өкмөтү менен болгон жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун келечеги өтө узак», — деди Алиев Япониянын «Nikkei» гезитине берген маегинде.

Ошол эле учурда Алиев орус лидери Владимир Путинден Москвада Карабахтагы кырдаалды талкуулоого чакыруу албагандыгын айтты.

Буга чейин Ильхам Алиев менен Никол Пашинян Тоолуу Карабах жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө Москвага келүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *