Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун унаасына сүйрөтүп кеткен айдоочуга иш козголду. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, протокол түзүлгөн.

Суракка алуу учурунда жарандын жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келген 15 айыпты төлөбөгөнү аныкталды.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, унаасы айып аянтчасына киргизилди.

Эске салсак, бүгүн болжол менен саат 11:30 чамасында Бишкектин Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Айдоочу талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүп, алдын тоскон жол кайгуул кызматкерин сүйрөтүп кеткен.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *