Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында  28-августта Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Мамлекет башчысы Кадамжай районундагы эки ири ишкана — Айдаркен сымап комбинатынын жана Кадамжай сурьма комбинатынын абалы менен таанышты.

Айдаркен сымап комбинатынын ачылып, иштеп баштаганына 80 жыл толот. Экономикалык дарамети жакшы экенине карабастан, учурда абалы оор экенин ишкананын жетекчилиги маалымдады.

Айта кетсек, жергиликтүү жетекчилик Айдаркен сымап комбинаты менен Кадамжай сурьма комбинатына инвестиция салуу жана алтын кенин иштетүү боюнча «Дуваташ» компаниясы менен макулдашкан. Ал эми инвестор комбинаттардын өндүрүмдөрүн дүйнөлүк соодага чыгарууга даяр экенин, сурьма ишканасына 800гө жакын, сымап комбинатына 1000ге жакын жумушчу орун түзө турганын кабарлады. Учурда ишканалар үчүн жаңы жабдууларга тапшырык берилип, адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп жатат.

Ошондой эле Садыр Жапаров ишкананын жумушчулары менен маектешти. Алар президенттен инвесторду колдоп берүүнү жана мектеп куруу, таза суу чыгаруу, пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга байланыштуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүсүн суранышты.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *