Алматынын акимчилигинин кызматкерлери октон жаракат алышкан. Бул тууралуу Orda.kz Telegram каналы билдирди .

Такталбаган расмий маалыматка караганда, кеп шаар акиминин орун басары Мухит Азирбаев менен Максат Кикимов жөнүндө болуп жатат. Жабырлануучулар 6-январга караган түнү «Алматы» телеканалынын тартуу тобун коштоп бара жатып жарадар болушкан.

«Алардын көкүрөгүнөн ок тийип жаракат алган. Менин билишимче, алардын абалына эч нерсе коркунуч туудурбайт», — деп билдирет мекеменин шаардык саламаттыкты сактоо кызматынын өкүлү.

Эске салсак, Алматыдагы тополоңдо ошол эле аталыштагы телеканалдын кызматкери каза болуп , дагы бирөө жарадар болгон.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев   республикага өзгөчө кырдаал  киргизип өкмөттү отставкага кетирип , Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан   Scorpion спецназдары жөнөтүлгөн .

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *