Евробиримдик Казакстандагы кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу Orda.kz Telegram каналы билдирди .

Анын айтымында, бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча өкүлү Жозеп Боррелл билдирүү жасады.

«Биз Евробиримдик үчүн маанилүү өнөктөш болгон Казакстандагы тынч нааразылык акцияларынан кийин башталган зомбулукка тынчсызданып жатабыз. Мындан ары эскалацияга жол бербөө, зордук-зомбулукка ар кандай чакырыктарга жол бербөө, ар дайым сабырдуулукту сактоо жана баш аламандыкты башка максаттарда колдонуудан алыс болуу маанилүү. Биз кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал кошумчалагандай, тышкы аскердик колдоо Казакстандын эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын, ошондой эле бардык жарандардын негизги укуктарын урматтоого тийиш. Евробиримдик казак бийлигин «ушул татаал мезгилде өз милдеттерин аткарууга, анын ичинде адам укуктарын жана жарандарынын негизги эркиндиктерин, атап айтканда, чогулуу, сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарын сактоону» талап кылды.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди, бирок үзгүлтүктөр дагы эле көп.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип , өкмөттү отставкага кетирип , Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан Scorpion спецназдары жөнөтүлгөн .

Тополоңдо 164 адам набыт болгон. Өлкөдө болгон массалык баш аламандык фактылары боюнча 125 кылмыш иши козголуп, 5800 адам кармалган. 134 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Дагы 516 жаран административдик камакка алынган. Калгандары текшерилип жатат.

Тополоңдо ишкерлерге келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 92,3 миллиард теңгеге бааланууда.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *