Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев 5-январда кол койду.

Бул тууралуу маалымат Акорданын сайтына жарыяланды.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт.

Калган өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Казакстанда суюлтулган мунай газынын кымбатташына байланыштуу массалык акциялар өтүүдө. Өлкө бийликтери күйүүчү майдын баасы арзандай турганын буга чейин эле билдиргени менен нааразычылык басыла элек. Алма-Ата жана Мангистау облусуна өзгөчө кырдаал киргизилди.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *