Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө үй курууга жер калбай калды. Бул тууралуу тургундарга бир жылдык отчёт берүү учурундагы коомдук угууда айтылды.

Айылдык кеңештин төрагасы Ислам Эрмаматов коомдук угуу 30-декабрда өткөнүн билдирди.

«Айыл өкмөттөгү кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу элге отчёт берилип, жашоочулар тарабынан да сунуштар айтылды. Негизи элдин көйгөйү — турак-жай курууга үлүш жердин калбай калганы болууда. Жыл сайын планга киргизебиз, бирок маселе чечилбей келет. Кашка-Суу жана Ачык-Суу айылдарынын тургундары ушул жер маселесин айтышты. Айыл өкмөттө 9 миңден ашуун адам жашайт. Жогоруда айтылган эки айылда мектеп маселеси да чечилбей жатат. Кашка-Суу айылындагы мектептин курулушу 2016-жылы башталып, 1-кабатынын дубалы тургузулган бойдон жумуштар токтоп калган. Окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат. Ачык-Суу айылындагы мектеп таптакыр жараксыз абалга келип калган», — деди Ислам Эрмаматов.

Аталган айыл өкмөттүн бюджети 2020-жылга карата 18 млн 955 миң 700 сом болуп бекитилди. И.Эрмаматовдун айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу аз.

Булак: Turmush.kg

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *