Президент Садыр Жапаров жарандардын ден соолугун тамеки, никотиндин кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.
Максаты – калктын саламаттыгын коргоо жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын ишке ашырууну көздөйт.
Мыйзам аркылуу коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук тамекиге, кальянга жана аралашмаларга тыюу салынат. Ошондой эле кафе жана ресторандарда кальянга да тыюу салынат.