Коронавирус диагнозу коюлган 144 медициналык кызматкер компенсация алышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска кабылган 3 миңден ашык дарыгер аныкталды. Компенсациялык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди толугу менен тапшыруу керек. Комиссия бардык документтерди жана корутундуларды карап чыгат. Андан кийин гана компенсация берилет.

«Азыр 1,5 миңден ашуун документ келип түштү — мунун бардыгы жумуш учурунда инфекцияны жуктуруп алган медицина кызматкерлери жөнүндө. 144 адам компенсация алышкан. Мындан тышкары, коронавирустун айынан каза болгон 21 дарыгердин үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөөлөр төлөндү. Калган документтер каралып жатат. Айрымдары үчүн пакеттер толук болушу үчүн дагы документтерди сурашат », — деп баса белгиледи Нурболот Үсөнбаев.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *