Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлаган адамдарга акчалай сый акы берилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

 

Коррупциялык укук бузуу болгону тууралуу кабарлаган адамга мамлекетке түшкөн каражаттын 10 пайызы — 1 миллион сомдон ашпаган акча төлөнөт.

Сый акы төлөп берүү тартиби жана өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан белгиленет.

Акчалай сыйлык төлөө төмөнкү фактылар (документтер) болгондо берилет:

-коррупция жөнүндө берилген факты комиссиянын чечими менен ырасталганда;

-сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде;

-коррупциялык жол менен өөнөлгөн акча мамлекетке кайтарылганда.

Атайылап жалган коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамга мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралат.

Кыргызстанда «Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлаган адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам бар. Аны ишке ашыруу максатында ушундай жобо иштелип чыкты.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *