Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүргөн заводдор иштебей турат. 

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети азык-түлүк бааларын талкуулады. Айрыкча өлкөдөгү өсүмдүк майын өндүргөн заводдор иштебей турганы сынга алынып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керектиги айтылды. Өкмөт баалардын кымбаттаганын эң керектүү азык-түлүктөрдүн сырттан алып келингени менен түшүндүрүүдө.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүргөн беш завод бар экенин айтты.

Жалал-Абад облусунда жаңы салынган эң чоң заманбап майды кайра иштетүүчү завод бар. Бирок ал бүгүнкү күндө иштебей турат.

Депутат Айнура Осмонова мамлекет башка жактан азыктарды импорттогондун ордуна бул заводду иштетип, жумуш орундарын түзүшү керектигин айтты. Бул учурда бир жылда 600 млн сом акча түшүп, 500 жумушчу орун түзүлөт.

— Кризис абдан катуу күчөп келе жатат. Жакырчылык дүйнөдө быйыл 35-40 пайызга чейин жетет деп айтылууда. Азыр баалардын көтөрүлгөнү элге чоң залакасын тийгизди. Кыргызстанда социалдык жактан аялуу катмардагы топко 3 млн 200 миң жаран кирет. Кыргыз Өкмөтү бул катмарга тез арада азык-түлүк жагынан жардам кылуусу керек. Кризистен чыгуу үчүн этап-этабы менен жасала турган иштер аткарылышы зарыл.

Кыргыз Өкмөтү кумшекер менен майды сатып алуу үчүн 318 млн сом акча бөлүнөрүн кабарлаган. Келишим боюнча ал Орусиядан алып келинерин жана бир литри канчадан жеткирилерин Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев айтты.

— 5-апрелге карата алынган маалыматты айтсак, Орусия менен келишимге кол коюлган. Анын суммасы: өсүмдүк майы боюнча 64 млн 364 миң сом. Орусиядагы Богатовский атындагы май чыгаруучу заводдон 550 миң тонна суу май алып келинет. Бир литри салыктарды эске албаганда 119 сом 74 тыйынды түзөт, ал эми жеткирүү акысын жана салыктарды кошкондо бир литр суу майды 135 сом 17 тыйындан алып келүүгө макулдашылган.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан эң керектүү азыктарды импорттойт. Мисалы, күйүүчү-майлоочу майлар 95 пайыз алып келинет, жумуртка 24 пайыз, күрүч 13 пайыз, жер-жемиш 27 пайыз, эт 37 пайыз, куш эти 90 пайыз импорттолот. Ошондуктан баалардын кымбатташы сырткы факторлорго байланыштуу болот.

Бир жыл ичинде өсүмдүк майынын баасы 73 пайызга кымбаттап, бир литр өсүмдүк майы 169 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми 1 кг кумшекердин баасы 66 сом болууда. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19 сомго кымбат.

Уй этинин килограммы 448 сом болуп, өсүү 89 сомду түздү, кой этинин баасы 95 сомго кымбаттады.

Өкмөт кумшекер менен өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды

Депутат Салайдин Айдаров азык-түлүк менен камсыз кылуудан тышкары, айлык акынын жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

 -Тамак-аштын баасы Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдө да кымбаттады, бирок Кыргызстандагыдай өскөн жок. Бизде өсүмдүк майы, кумшекердин баасы өтө кымбаттап кетти. Мына 6 айдын ичинде эле 28-30 сомдук кумшекер бүгүнкү күндө 60-65 сом болууда. Бул — өкмөткө кагылган коңгуроо. Мына азыр сырттан айрым азык-түлүктүн түрүн алып келебиз деп жатасыңар, бирок ал канча убакытка жетет? Ошол үчүн социалдык төлөмдөрдү, айлык акыны көбөйтүү жагын да карашыңар керек. 

Эл өкүлү Пархад Тулендыбаев азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрдү. Анын маалыматында, өткөн жылдын беш айында Монополияны жөнгө салуу агенттиги тарабынан тамак-аш өнүмдөрүнүн баасын ашкере жогорулаткан 342 учур катталган.

Талкууда эл өкүлдөрү өкмөттүн азык-түлүктүн баасын турукташтыруу багытында көрүп жаткан чаралары байкалбай жатканын айтып сындашты.

Жыйынтыгында азык-түлүк баалары тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат бере турган болду.

Кыргызстанда жалпы инфляция расмий түрдө 9,7% деп айтылат, бирок айрым товарлар 50 пайызга чейин кымбаттады.

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *