Кыргызстанда калктын 76 пайызы үчүн негизги киреше бөлүгү айыл-чарба тармагы жана ишкерчилик болуп эсептелет. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары орун алган институционалдык өзгөрүүлөрдөн улам, экономиканын уюшулган секторунда иштеген кызматкерлердин саны 1991-жылдагы көрсөткүч боюнча 66 пайыз болсо, 2019-жылы 25 пайызга төмөндөгөн. Буга байланыштуу айлык акы калктын негизги киреше булагы болбой калган.

Республикада айрым тармактагы кызматкерлердин айлыгы 9,8 миңден 36 миң сомго чейинки өлчөмдө. 2020-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы (кичи ишканаларды эске албаганда)17 999 сомду түзүп, 2019-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 10,5 пайызга көбөйгөн.

Эң эле жогору орточо айлык акы финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлерине таандык, алар — 36 028 сом, маалымат жана байланыш тармагында 35 миң 133 сом жана пайдалуу кен казуу тармагында иштегендер 35 005 сом айлык алышат.

Ал эми искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагынын кызматкерлери 9829 сом, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан камсыздоодо 10 750 сом жана билим берүү тармагында 14 509 сомду түзүп, орточо айлык акынын деңгээлинин төмөнку ордун ээлейт.

Ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо айлык акы бирдей эмес. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагындагы акынын өлчөмү башка экономикалык ишмердиктин түрлөрүнө караганда кыйла аз.

Мындай абал социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин көбү мамлекеттин каржылоосунда болуп, айлык акысы дагы мамлекеттин бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болот.

Улутстатком айлык акы тууралуу маалыматтарды расмий сайтынан алууга чакырат. Анда пайдалануучулар үчүн деталдуу статистикалык маалымат берилет.

Азыркы учурда Улутстатком юридикалык тараптар берген статистикалык отчетко ылайык, жалданып иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын эсептейт. Статистикалык отчеттор эл аралык уюмдардын сунуштамасынын негизинде иштелип чыгып, юридикалык жактар тарабынан толтурулат. Ай сайын Статкомдун дарегине кызматкерлердин саны жана айлык акынын өлчөмү тууралуу отчетту 16 миңге жакын ишкана, уюмдар тапшырат.

Графика: 2020-жылдын январь-июнда экономикалык ишмердиктин орточо айлык эмгек акысы

Булак: maralfm.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *