Кыргызстанда 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин элди жана турак жайды каттоо жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Каттоо сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт. Өлкөнүн алыскы аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин болот.

Каттоого Кыргызстанда жашаган бардык жаран, анын ичинде туруктуу жашоочулар, жарандыгы жок чет өлкөлүктөр, убактылуу жашап жүргөндөр, каттоо маалында убактылуу өлкөдө болбогондор да алынат.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы бардык турак үйлөр катталат.

Бул жумуштарды аткаруу үчүн Министрлер кабинети республикалык комиссия түздү. Жер-жерлерде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, президенттин аймактагы өкүлчүлүктөрү жана министрликтер чогуу иш алып барат.

Өлкөдө эл каттоо 2020-жылы жүрмөк, бирок пандемияга байланыштуу жылдырылган.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *