Февраль айынын аягында ар бир кыргызстандыктын 745,6 доллардан мамлекеттик карызы бар. Бир айдын ичинде оорчулук 5 долларга азайган.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик карыз (тышкы + ички) 4 миллиард 948,57 миллион долларды (419 миллиард 391,28 миллион сом) түздү. Анын ичинде 4 миллиард 212,41 миллион доллар (357 миллиард 1,92 миллион сом) — тышкы, 736,16 миллион доллар (62 миллиард 389,36 миллион сом) — ички.

 

Бир ай ичинде өлкөнүн мамлекеттик карызы 5,54 миллион долларга кыскарган. Ошол эле учурда тышкы карыз 9,2 миллион долларга кыскарса, ички карыз, тескерисинче, 3,66 миллион долларга көбөйгөн.

 

Февраль айынын аягында мамлекеттик карыз ИДПнын 66 пайызын түздү.

Баарынан да республика көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга — 1 миллиард 908,09 миллион доллар (тышкы карыздын 45,3 пайызы) жана Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкына — 1 миллиард 782,07 миллион доллар (Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 42,3 пайызы) карыз.

 

Булак:24.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *