Кыргызстан Freedom House эл аралык уюмунун дүйнө өлкөлөрүнүн интернет эркиндигин баалаган рейтингинде жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарына кирди.

 

Интернет эркиндигин баалоодо Кыргызстанга 100дөн 53 упай берилип, 62 упайы бар Украина менен катар биздин өлкө интернети жарым-жартылай эркин деп таанылган. Ошол эле учурда Борбор Азия жана башка бир нече өнөктөш мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан интернеттеги эркиндик боюнча алдыда турат.

 

Маселен, коңшу Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Азербайжан, Беларусь өлкөлөрү интернети эркин эмес деп табылган.

 

Ал эми интернети азат делген мамлекеттердин сап башында Исландия, Эстония жана Канада турат.

 

Эскерте кетсек, быйыл бийлик «фейктер менен күрөшөбүз» деген жүйө менен «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын кабыл алды.

 

Аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен былтыр парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койбой, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

 

Быйыл депутаттар ал мыйзамды «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» деген ат менен кайра алып чыккан. Мыйзамды Жогорку Кеңеш үч окуудан өткөрүп, президенттин кол коюусуна жөнөткөн. «Хюман Райтс Уотч» уюму (HRW) бул мыйзам боюнча билдирүү жасап, ал Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын белгилеген. Аны менен бирге «Хюман Райтс Уотч» Жапаровду аталган мыйзамга вето коюуга чакырган. Коомчулуктун каршылыгына карабай, августтун аягында Жапаров мыйзамга кол койгон.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *