Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева сугат мезгилинде Казакстанга Токтогул ГЭСинен кошумча суу агызылганы тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал социалдык тармакка жазган маалыматка караганда, Казакстанга жайкы мезгилде Токтогул суу сактагычынан суу агызылган, бирок кайра ал электр энергиясы катары кайтарылып жатат.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстандын энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу чыгаруу иштери жүргүзүлүп, ал кышында электр энергиясы катары кайтарылган. Жалпысынан «Электр станциялары» ААКы менен Казакстандын энергетикалык компаниясы ортосунда 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирүү келишими түзүлгөн. 2021-жылдан 2023-жылдын августуна чейин 300 млн кВт/саат электр энергиясы кайтарылышы керек» , — деп айтылат маалыматта.

8-декабрга карата Казакстандын энергосистемасынан электр энергиясын жеткирүү келишиминин алкагында 616,4 млн кВт/саат электр энергиясы алынды.

7-декабрда Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин Нур-Султан шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушкан учурда Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызганын айткан.

Бул Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын камсыздоого мүмкүндүк бергени кабарланды.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *