Кыргызстанда металл сыныктарын Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.

Документте алты айдын ичинде Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразиялык экономикалык биримдиктин чегинен тышкары алып чыгууга, ошондой эле кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын алып чыгууга тыюу салынары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрине Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына тыюу салуунун киргизилгендиги тууралуу билдирүү тапшырылды. Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги КМШнын аткаруу комитетине тыюу салуу тууралуу билдирүүсү керек.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *