Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-октябрда, Кытайдын лидери Си Цзиньпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда түзүлгөндөн бери Кытай өзүнүн өнүгүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, зор ийгиликтерге жетишкендигин белгилеген.

 

«Сизди Кытайдын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.Кыргызстан ар дайым Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат. Кытай менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын стратегиялык артыкчылыктуу багыты болуп саналат«, — деп белгиленет куттуктоодо.

 

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ошондой эле Кытай элине тынчтык, бакубатчылык каалады.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *