Кыргызстан Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто 73,8 млн доллардык «Скай Мобайл» уюлдук оператору боюнча ишти жапты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
2018-жылдын ноябрында «Menacrest AG» жана «VIP Kyrgyzstan Holding AG» компаниясы Кыргызстандан «Скай Мобайл» иши боюнча 73,8 млн доллар кенемте талап кылып, арбитраждык териштирүү ишин баштаган.
2021-жылдын февралында талаштын чоо-жайы жана доогерлердин кыргыз тарапка дооматынын негиздүүлүгү боюнча угуулар өткөн.
2020-жылдын ичинде тараптар арбитраждын курамына өз позициясы боюнча жазуу жүзүндөгү аргументтерди беришкен.
Ал эми 2021-жылдын 12-ноябрында арбитраждык трибунал процессти толук токтотуу жана бул инвестициялык ишти жабуу тууралуу буйрук чыгарган, анткени тараптардын ортосундагы талаш-тартыш жөнгө салынган жана Кыргызстанга карата 73,8 млн доллар толугу менен кайтарылган.
Жөнгө салуу шарттарынын бири – 2018-жылдын ноябрынан тартып бардык арбитраждык чыгымдарынын 96,2% доогерлер тарабы, ал эми кыргыз тарабы 3,2% гана жапмакчы болду.
Арбитраждык трибунал төмөнкү арбитрларды камтыган:
— Мистер Жон Бикей (Mr.John Beechey CBE, Presiding Arbitror);
— Профессор Жулиан Лью (Prof. Julian D.M. Lew QC);
— Доктор Гэвин Гриффит (Dr. Gavan Griffith QC)