Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Эскерүү иш-чарасы 25-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген.
Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-жылы «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, кийин башкы редактор болот. 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген.
Касымбеков 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон.
1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамын алган, 2006-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, ошол эле жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.
Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында инсульт алып көз жумган.
Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири, «Сынган кылыч» тарыхый романын жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.