Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министрлери чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтү билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары рангындагы Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирустук инфекциянын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын иши жайлап калды. Буга карабастан, биз, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтктоого кам көрүүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштообуз керек», — деди Акрам Мадумаров жана эки делегациянын мындан аркы биргелешкен активдүү иши зарыл экендигин баса белгиледи.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов чек ара маселелерин чечүүнүн манилүүлүгүн белгилеп, өкмөттүк делегациялардын жемиштүү кызматташтыгына ишеним билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук линияларын сүрөттөө боюнча  мындан аркы иши, ошондой эле чектеш коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелердеги долбоордук линияларды сүрөттөө боюнча ишти улантуу тууралуу макулдашууга жетишти.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *