Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын дагы 540 миң дозасын берет. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашова менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда айтылды.

 

Вакцинанын 500 миң дозасы гуманитардык жардам катары жана 40 миң дозасы COVAX программасы боюнча берилет.

Бакашова Кытайга коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөтүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

Кытайдын элчиси кыргыз-кытай алакасы мындан ары да өнүгө берерине ишеним артарын белгилеп, кыргызстандыктарды Эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытай Кыргызстанга жардам катары 300 миң доза вакцина берген.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *