Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

 

Жолугушууда коопсуздук жана коргоо, соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция тартуу, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу, Ооганстандагы кырдаал тууралуу сөз болду.

 

Жапаров Кыргызстан Кытай менен соода алаканы өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

 

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы аба каттамдарды жандандыруу керектигин айтты.

 

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Садыр Жапаровго жана кыргыз элине КЭР төрагасы Си Цзинпиндин жылуу саламын жана кайрылуусун жолдоду.

 

Аны менен бирге Ван И Кытай өкмөтү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 млн юань (100 млн доллар тегереги) бөлүүгө даяр экенин белгиледи.

 

Андан тышкары коронавируска каршы 1 млн доза вакцина жана медициналык каражаттар берилерин билдирди.

 

Ван Инин айтымында, Кытай автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *