Лицензия тармагы санариптештирүүгө өтүү алдында. Бул тууралуу Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) укуктук консультанты Улукбек Турдубеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

 

Анын айтымында, Эл аралык каржы корпорациясы менен өкмөттүн ортосундагы келишимдин алкагында бүт болгон лицензиялардын электрондук реестри түзүлдү. Ал жакта бир гана лицензия эле эмес, бир жолу берилүүчү уруксат кагаздары, сертификат, бүтүмдөр да болот. Учурда булардын электрондук базасы түзүлүп, ишин баштады.

 

«Бардык министрлик, мекемелер өз ишмердүүлүгүндө жалпы жарандардан, ишкерлерден кандай лицензияларды сурап жатканы ошол базада толтурулуп жатат. Кийин сиз ар бир министрликке барып убара болбойсуз. Ошол реестрге эле киресиз, кандай лицензия, ишмердүүлүктүн түрү болсо, дароо эле документтерди алып, тапшырып коесуз. Коррупция, мөөнөт деген болбойт. Физикалык контакт болбойт. Сиз арызыңызды комиссия карап жатканын, же карала электигин онлайн көрсөңүз болот. Бул ишкерге да, мамлекеттик кызматкерге да ыңгайлуу», — дейт ал.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *